# 3-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 3-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-3

---

Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү төмөнкү принциптерге негизделет:

1) укуктун үстөмдүгү;

2) мыйзамдуулук;

3) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана камсыз кылуу;

4) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлабоо;

5) коомдук, анын ичинде улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак;

6) экстремисттик иштин алдын алууга (профилактикалоого) багытталган чаралардын артыкчылыгы;

7) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө мамлекеттин юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле эл аралык жана башка уюмдар менен кызматташтыгы.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-4)
