# 16-берене. Юридикалык жактардын же башка уюмдардын экстремисттик материалдарды таратууларынын жол берилбестиги жөнүндө эскертүү

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 16-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-16

---

1. Юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.

Юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында кабыл алынган чечимдин жыйынтыктары боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертме чыгарат. Эскертме юридикалык жактын же башка уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланган болуп эсептелет. Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертме алынган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүсү тийиш. Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды четтетүү үчүн эскертме алынган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.

2. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Эгерде юридикалык жак же башка уюм тарабынан белгиленген мөөнөттө эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, алардын ишин токтотуу жөнүндө сотко доо арызын берүү жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтөт.

4. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмүнө юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине жоюу тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн катталган жери боюнча жөнөтүлөт.

5. Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы (өкүлчүлүгү) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурда, мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-17)
