# 15-берене. Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануунун тартиби

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 15-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-15

---

1. Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

2. Сотко маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө арыз прокуратура органдары тарабынан берилет.

3. Сот экстремисттик деп тааныган маалыматтык материалдардын реестринде жок маалыматтык материалдарда экстремисттик иштин белгилеринин сот тарабынан белгилениши үчүн эксперттик уюмда же болбосо эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат.

4. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген маалыматтык материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылууга жатпайт. Бул маалыматтык материалдар алып салынууга, жок кылынууга же интернет тармагында аларга жеткиликтүүлүк чектелүүгө тийиш.

5. Сот экстремисттик деп тааныган маалыматтык материалдардын реестри Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлөт жана анын расмий сайтында тутумдуу жаңыртылып турулушу тийиш.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-16)
