14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды таратканы үчүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат адамдарына карата тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында кабыл алынган чечимдин жыйынтыктары боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна бузууларды көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө эскертме жарыяланат. Эскертме жалпыга маалымдоо каражатынын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланган болуп эсептелет. Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертме алган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүсү тийиш. Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз четтетүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды четтетүү үчүн эскертме алынган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.
2. Эскертменин көчүрмөсү маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат, талдоо жана маалыматтарды жалпылоо үчүн жөнөтүлөт.
3. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлбөгөн же болбосо жыл ичинде экстремисттик материалдарды таратуунун жаңы фактылары (же болбосо жалпыга маалымдоо каражатынын ишинде экстремисттик иштин белгилери болгонун күбөлөндүргөн фактылар) кайталап табылган учурда, тиешелүү жалпыга маалымдоо каражатынын ишин токтотуу жөнүндө маселе сот тарабынан каралууга жатат.
5. Сотко доо арызы материалдардын, тиешелүү экспертизалардын корутундуларынын, эскертме чыгарган экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу' мамлекеттик органдын өтүнмөсүнүн негизинде, прокуратура органдары тарабынан киргизилет.
6. Экстремисттик материалдарды андан ары таратууга жол бербөө максатында, сот прокуратура органдарынын доо арызынын негизинде аларды чыгарууну жана сатууну токтото туруу жөнүндө чечим чыгарат.
7. Соттун чечими жалпыга маалымдоо каражатынын экстремисттик багыттагы материалдарды камтыган продукциясын бардык алып жүрүүчүлөрдө жана маалыматтык ресурстарда андан ары жок кылуу үчүн алып коюу үчүн негиз болуп саналат.
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды…Порядок · 10.02.2026 · № 78
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды…Порядок · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 524 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке…Постановление · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112515/st-14" title="14-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>