# 12-берене. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максатында электр байланыш тармактарын пайдаланууга жол бербөө

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 12-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланыш тармактарын экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максатында пайдаланууга тыюу салынат. Электр байланыш тармактарында жана байланыш каражаттарында камтылган маалыматтарды таратууга тыюу салуу соттун чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде электр байланыш тармактары экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган учурда, ушул Мыйзамда аныкталган чаралар Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык колдонулат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-13)
