Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 16.02.2023 редакциясы
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 472-статьяда:
а) статьянын аталышында "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы жүзөгө ашырат.";
в) 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
5. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери, жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө; юридикалык маалыматсыздыгы аларга зыян алып келбеши үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин кесепеттери тууралуу эскертүүгө; мыйзамда каралган учурлардан тышкары, кесиптик ишин жүргүзүүгө байланыштуу өздөрүнө маалым болгон маалыматтарды жашыруун сактоого жана муну ыйгарым укуктары токтогондон же жумуштан кеткенден кийин да аткарууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда, мындай милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде пайда болгон иш-аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.
Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери өз милдеттерин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарышат. Эгерде милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде келип чыккан иш-аракеттерди жасоого байланыштуу адиске карата кылмыш-жаза иши козголсо, сот жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адисин жашыруун сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн. Жогорку юридикалык билими бар, каттоочу катарында 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органда окуу курсунан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адиси боло алат.";
г) 12-пунктта "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112513/st-2" title="2-берене - Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>