# 1-берене

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112513/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3280/edition/1285150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112513/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112513/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 328-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишим мамлекеттик катталууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбайт.";

2) 335-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "нотариалдык жактан ырасталган" деген сөздөр алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112513/st-2)
