# 5642-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 "Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-5642>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3278/edition/1274631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112511/st-5642.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5642-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-5642

---

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлүгүн алып коюу жана андан ажыратуу мезгилине сактоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу тиешелүү күбөлүктү берүүдөн баш тартса, алып коюу ички иштер органдары тарабынан мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.

3. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аталган укуктан ажыратуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктөрдү сактоо жана кайтарып берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

28) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 5711-берене менен толукталсын:

"5711-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу

1. Ушул Кодекстин 381-беренесинде белгиленген учурларда жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үч жумуш күндүн ичинде адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген тиешелүү органга материалдарды жөнөтөт, бул тууралуу маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.

3. Адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-2)
