5-берене
Күчүндө · 11.08.2023 редакциясы
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 911-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгү "транспорту" деген сөздөн кийин "жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 13-беренеде:
а) 1-пунктта "бирдиктүү" деген сөз алып салынсын;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) автомобиль транспорту менен, анын ичинде санариптик форматта жүк ташуу жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу боюнча ишкердик ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;";
в) 9-пунктта "контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 131-берене менен толукталсын:
"131-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) автомобиль транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү сакталышын өз компетенциясынын чегинде контролдоону уюштурат жана жүзөгө ашырат;
4) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууну кошпогондо автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;
5) жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоону уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;
6) мамлекеттин автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелер жана ассоциациялар (бирликтер) формасындагы юридикалык жактардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.";
4) 17-берененин 4-бөлүгү "автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын," деген сөздөрдөн кийин "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112511/st-5" title="5-берене - Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>