# 2-берене

- Документ: [Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 "Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3278/edition/1274631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112511/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж. № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-26-пункттар менен толукталсын: "24) транспорттук каражаттарды жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын жана билим берүү уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырууга;

25) квалификациялык сынактарды кабыл алууга жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүгө;

26) автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну кошпогондо, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырууга, транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутууга (кайра окутууга) жана өз компетенциясынын алкагында лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.".

---

Мурунку берене: [5642-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-5642)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112511/st-3)
