# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112509)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112509/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3276/edition/1229882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112509/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112509/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 33-статьянын 1-бөлүгүндө:

а) "ички иштер органдарына" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтеринин (паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн - жашап турууга берилген укугу, кайрылмандын ырастамасы) түп нускасы жана ксерокөчүрмөлөрү же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен чет мамлекеттин паспорту бар жана/же чет мамлекеттин паспортун алууга (алмаштырууга) мүмкүнчүлүгү жок этностук кыргыздар үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;";

в) 6-пункттагы ", айыл өкмөтүнөн маалымкат" деген сөздөр алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112509/st-2)
