# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112507)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3274/edition/1239520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112507/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө, 8-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-8

---

1. Ардак грамота менен кайрадан сыйлоо жүргүзүлбөйт.

2. Ардак грамота сыйланган адамдын фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылып берилбейт.

3. Соттолгондугу жоюлбаган адамдар сыйлоого сунушталбайт.

4. Тартиптик жазалары бар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазаларын алып салганга чейин сыйлоого сунушталбайт.

5. Өлгөндөн кийин Ардак грамота менен сыйлоо жүргүзүлбөйт.

6. Сыйлануучу адам жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүгө жол берген, ошондой эле сыйлоого негизсиз сунуштамаларды киргизген жетекчилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-9)
