# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112507)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112507#diff=1239520..13681>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3274/edition/1239520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112507/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө, 1-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын укуктук статусун аныктайт, ошондой эле аны менен сыйлоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун таануу иретинде, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат.

3. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар да сыйланышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Ардак грамотаны негиздейт жана анын сыпаттамасын бекитет.

5. Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112507/st-2)
