1-берене
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 155
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын укуктук статусун аныктайт, ошондой эле аны менен сыйлоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун таануу иретинде, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат.
3. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар да сыйланышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Ардак грамотаны негиздейт жана анын сыпаттамасын бекитет.
5. Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, алынып салынды: дубликат кошулду: сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо … (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112507/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>