# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 января 2024 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2023 год и плановый период 2024-2025 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000557)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487#diff=1220966..1455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 6-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-6

---

1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш продуктуларын сатып алуу", "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерде каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-7)
