# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 января 2024 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2023 год и плановый период 2024-2025 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000557)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487#diff=1220966..1455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 5-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-5

---

1. Мамлекеттик инвестициялар боюнча 2023-2025-жылдарга чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2023-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 16830100,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого, ошондой эле алардын артыкчылыгын эске алуу менен 2023-жылга бекитилген тизмеге ылайык объекттерди курууга, реконструкциялоого жумшалсын.

3. 2024-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пландык көлөмү - 5000000,0 миң сом, 2025-жылы - 7000000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 9000,0 миң сом жумшалсын.

5. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2023-жылы - 695000,0 миң сом, 2024-жылы - 1000000,0 миң сом, 2025-жылы - 1000000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-6)
