# 21-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 21-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-21

---

1. Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бекитилген бюджеттин алкагында тийиштүү чечимдерди кабыл алуу жолу менен, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү арасында бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул параметрлеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөртүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-22)
