# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 января 2024 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2023 год и плановый период 2024-2025 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000557)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487#diff=1220966..1455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 16-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-16

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жапсын.

3. Көрсөтүлгөн ченемдер бузулганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-17)
