# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 января 2024 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2023 год и плановый период 2024-2025 годов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000557)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487#diff=1220966..1455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 11-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 3098626,3 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын кошпогондо) боюнча чыгашаларды каржылоого жумшасын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын копшогондо) боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда кийинки үч жылга теңдөөчү трансферттердин өлчөмү азайтылууга жатпайт.

6. 2023-жылга республикалык бюджетте салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча республикалык бюджетке бирдиктүү салыктын 100 пайызын чегерүүгө байланыштуу максаттуу трансферттер түрүндө 2443443,2 миң сом суммасында каражаттар жергиликтүү бюджеттерге 12-тиркемеге ылайык каралсын.

7. 2023-жылга республикалык бюджетте республикалык бюджеттен толук каржылоого өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдардын бөлүгүн жабууга максаттуу трансферттер түрүндө 1000000,0 миң сом суммасында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине каражаттар каралсын.

8. (КР 2024-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-12)
