# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112487)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3269/edition/1220966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112487/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 10-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-10

---

1. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн 2023-2025-жылдарга төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

7) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

8) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

9) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

10) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке - 93 пайыз өлчөмүндө;

11) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке - 80 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112487/st-11)
