# 2-берене

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112485/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3267/edition/1222550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112485/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (01.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112485/st-2

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-февралындагы №8 жарыяланды

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 465-ст.);

2) "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 59 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 341-ст.);

3) "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-январындагы № 23 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 23-ст.);

4) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.);

5) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 6 жана 26-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 29-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

---

Мурунку берене: [19-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112485/st-19-3)
