1-берене
Күчүндө · 01.02.2023 редакциясы
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 12-пункт "үй чарбалары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле статистикалык мүнөздөмөлөрдү алып жүрүүчүлөр болуп саналган башка субъекттер, объекттер, кубулуштар же окуялар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Статистикалык изилдөөлөр жалпы же тандалма негизде жүргүзүлөт.";
2) 9-берененин 3-бөлүгүндөгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Башка консультативдик органдар
1. Улуттук статистика комитетинин төрагасы расмий статистикада стратегиялык жана координациялык ишти колдоо үчүн улуттук статистика тутумуна кирген же кирбеген мүчөлөрү менен башка консультативдик органдарды түзүүгө укуктуу.
2. Консультативдик органдардын ишинин тартиби жана курамы Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.";
4) 13-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Каттоо
1. Каттоо калктын саны жана түзүмү, турак жай фонду, айыл чарба жана экономикалык бирдиктер жөнүндө айрым мүнөздөмөлөрдү камтуучу маалыматтарды жалпы эсепке алуунун негизинде топтоону жана алууну камсыз кылуучу иш-чараны билдирет.
2. Каттоо маалыматтары статистикалык изилдөөлөрдүн, административдик маалыматтардын, башка булактардын негизинде же жогоруда белгиленген варианттарды айкалыштыруу менен түзүлөт.
Каттоо анын методологиясына жана түрүнө жараша документтик ырастоо (айыл чарба каттоосу) менен же документтик ырастоосуз жүргүзүлөт.
3. Каттоого катышуу бардык респонденттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Каттоо жалпы улуттук жана тематикалык болуп бөлүнөт.
Тематикалык каттоо расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат. Аны өткөрүүнүн тартиби Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан аныкталат.";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-1 - 19-3-беренелер менен толукталсын:
"19-1-берене. Жалпы улуттук каттоо
1. Жалпы улуттук каттоо республикалык маанидеги иш-чара болуп саналат жана элди жана турак жай фондун каттоону, айыл чарбасын каттоону, ошондой эле экономикалык каттоону камтыйт.
2. Жалпы улуттук эл жана турак жай фондун каттоо, ошондой эле айыл чарбасын каттоо он жылда бир жолу дүйнөлүк каттоолордун кезектеги раундуна туура келген мөөнөттө өткөрүлөт.
Жалпы улуттук экономикалык каттоо беш жылда бир жолу өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасында жалпы улуттук каттоону өткөрүү, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү, алынган баштапкы маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо, жалпы улуттук каттоонун жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана жайылтуу боюнча чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу жана башка тартылган мамлекеттик органдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кошумча персоналды жалдоо жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Берененин тексти 01.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112485/st-1" title="1-берене - Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>