# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 12 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 12 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3266/edition/1220816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 12 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112484

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 25-январы № 12 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112484/st-1)

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 171-статья менен толукталсын:

"171-статья. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына социалдык кепилдиктер 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112484/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 14-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
