# Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-декабрындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-декабрындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3263/edition/1219870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-декабрындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (05.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112481

---

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2022-жылдын 5-декабры № 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112481/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Банктын бирден-бир акционери мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.";

2) 14-берененин 5-пунктунда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 21-беренеде:

а) 3-бөлүктө "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 7-бөлүктө "Премьер-министринин" жана "Премьер-министри" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" жана "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112481/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 108 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 27-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
