# 3605-статья. Өзгөчө учурларда кызматкерди иш берүүчүнүн демилгеси боюнча аралыктан иштөөгө убактылуу которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112479)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112479/st-3605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3261/edition/1220518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112479/st-3605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3605-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112479/st-3605

---

Өзгөчө же аскердик абалды киргизүү, өзгөчө кырдаалды жарыялоо же болбосо башка чектөө иш-чараларын киргизүү мезгилинде жогоруда көрсөтүлгөн учурлар жоюлганга чейин кызматкер иш берүүчүнүн демилгеси боюнча аралыктан иштөөгө убактылуу которулушу мүмкүн. Мындай которуунун мөөнөтү аяктаганда (бирок иш берүүчү тарабынан кызматкерди аралыктан иштөөгө убактылуу которуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болгон жагдай (учур) токтогон күндөн кечиктирбестен) иш берүүчү кызматкерге эмгек келишиминде каралган мурунку жумушту берүүгө, ал эми кызматкер аны аткарууга киришүүгө милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [3604-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112479/st-3604)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112479/st-2)
