Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2022-жылдын 13-декабры № 117
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-статьяда:
а) үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-статьяда:
а) үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйындарынын залдарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйындарынын залдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) V главадагы расмий тилдеги "Статья 24." деген сөздөр "Статья 23." деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 110 (3445) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 26-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91