# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112473)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3255/edition/1223948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112473/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, 8-берене (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана (же) тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен, кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон, бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-9)
