# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112473)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3255/edition/1223948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112473/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, 13-берене (22.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-13

---

1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары (республикалык бюджеттен ассигнованиелерден тышкары (трансферттер)) кезектеги бюджеттик жылга которулат.

3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде келишимдик негизде жасалган кызмат көрсөтүүлөр үчүн Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөөнү өз убагында жана толук жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар, алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112473/st-14)
