# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112469>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3251/edition/1224868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112469.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112469

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 31-январы № 20 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112469/st-1)

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 5-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 6-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурууну камсыз кылуучу өз алдынча аткаруу бийлик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмү, укук коргоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төртүнчү бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 7, 8 жана 9-статьяларда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 10-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;

б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;

6) 11-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 13-статьяда:

а) экинчи бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "жарандык мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 14-статьяда:

а) 1-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) изин суутпай-издөө ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын изин суутпай-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аны жүзөгө ашыруучу органдарга өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө;";

в) 8-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 15-статьяда:

а) 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) протоколдорду түзүү, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыздоо чараларын колдонуу;";

в) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү;";

г) 13-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу" деген сөздөр менен толукталсын;

10) 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн 2, 3 жана 4-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 17-статьяда:

а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) "мыйзамдарына" деген сөз "бюджеттик мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 18-статьяда:

а) биринчи жана экинчи бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 20-статьянын экинчи бөлүгүндө:

а) 1-пунктта "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына, жарандык жана кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр алып салынсын;

14) 21-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "мыйзамдарына" деген сөз "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 23-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

16) IV главанын расмий тилдеги аталышындагы "работников" деген сөз "персонала" деген сөзгө алмаштырылсын;

17) 24-статьяда:

а) расмий тилдеги аталышындагы "Работники" деген сөз "Персонал" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) биринчи бөлүгүндө:

- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик жарандык кызматчылары - жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;";

в) тогузунчу бөлүктө "Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 31-статьянын экинчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

19) 32-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр "ушул Мыйзам" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 33-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

21) 34-статьяда:

а) биринчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) экинчи жана он төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

22) 35-статьяда:

а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү жана бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

в) сегизинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте" деген сөздөр "ушул Мыйзамга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 36-статьяда:

а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) жетинчи бөлүк "аскер кызматчылары үчүн" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112469/st-2)

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112469/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
