# 2-берене

- Документ: [Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 11 "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3247/edition/1216646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112465/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "социалдык коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

в) онунчу абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-беренеде:

а) 2-бөлүктүн бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-беренеде:

а) биринчи абзацта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы соода иши жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 6-берененин 1 жана 2 бөлүктөрүндө "Өкмөт" деген сөз тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 8-беренеде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-3)
