# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 11 "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 11 "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3247/edition/1216646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-январындагы № 11 "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112465

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 25-январы № 11 Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-1)

"Насос станциялары менен сугарылуучу жерлерди пайдалануучу айыл чарба субъекттеринин чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 1-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 2-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-2)

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "социалдык коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

в) онунчу абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-беренеде:

а) 2-бөлүктүн бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-беренеде:

а) биринчи абзацта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы соода иши жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 6-берененин 1 жана 2 бөлүктөрүндө "Өкмөт" деген сөз тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 8-беренеде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-3)

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин төртүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;

2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды" деген сөздөр алып салынсын;

3) 5-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 2-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы экономикалык иш жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 6-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 7-беренеде:

а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "ветеринария, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүктүн 1-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 9-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте," деген сөздөр алып салынсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) айыл чарбалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү тармагын түзүү.";

б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте," деген сөздөр алып салынсын;

в) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 10-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу же аны талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.";

9) 12-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-4)

"Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 1 жана 4-пункттарында "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "Өкмөтүнүн" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 7-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 10-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112465/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 14-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
