# 6-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөттү берүү

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 6-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентине ал кызмат ордуна киришкен учурдан тартып мамлекеттик күзөт берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт берилет.

4. Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөт Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ушул Мыйзамга ылайык өмүр бою берилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-7)
