6-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөттү берүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын Президентине ал кызмат ордуна киришкен учурдан тартып мамлекеттик күзөт берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт берилет.
4. Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөт Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ушул Мыйзамга ылайык өмүр бою берилет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 787/б «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз…Приказ · 24.11.2022 · № 787/б
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2024-жылдын 07-июнундагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу…Приказ · 07.06.2024 · № 465
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112464/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>