# 5-берене. Кайтаруудагы адамдар жана объекттер

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-5

---

1. Ушул Мыйзамда аныкталган кызмат адамдары жана башка адамдар мамлекеттик күзөт органынын кайтаруудагы адамдары болуп саналат.

2. Мамлекеттик күзөт органынын кайтаруудагы объекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) кайтаруудагы адамдардын убактылуу жана туруктуу жүргөн жерлеринде алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргоого алынуучу имараттар, курулуштар жана курулмалар, аларга жакын жайгашкан аймактар жана акваториялар;

2) мамлекеттик күзөт органынын ыкчам башкаруусунда турган имараттар, курулуштар жана курулмалар, аларга жакын жайгашкан аймактар жана акваториялар.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-6)
