# 3-берене. Мамлекеттик күзөттүн милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-3

---

Мамлекеттик күзөттүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;

2) кайтаруудагы объекттерди коргоо;

3) кайтаруудагы адамдарга болгон коркунучтарды болжолдоо жана табуу, алардын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;

4) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштуу жана башка укук бузуулардын алдын алуу, аларды табуу жана аларга бөгөт коюу;

5) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде терроризмге каршы күрөшүүгө катышуу;

6) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик күзөт объекттеринин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга катышуу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-4)
