# 13-берене. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-13

---

1. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, коопсуздукка коркунучту шарттаган мүмкүн болуучу факторлорго ыкчам аракеттенүү максатында жүргүзүлөт.

2. Өз ара аракеттенүү кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон маалыматты алмашуу, мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерине көмөктөшүүнү уюштуруу, кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугу үчүн мааниге ээ болгон ар кандай фактылар жөнүндө өз учурунда маалымдоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик органдар, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабы боюнча күзөткө алуу иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында суратылып жаткан маалыматты, зарыл күчтөрдү жана каражаттарды берүүгө милдеттүү.

4. Мамлекеттик күзөт органынын чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде түзүлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-14)
