# 12-берене. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-12

---

Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштарды жана башка укукка каршы кол салууларды табуу, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, кылмыш жасаган же аларды жасады деп шектелген адамдарга карата алгачкы текшерүүнү жүргүзүүгө;

2) күзөттүк, ыкчам-техникалык иш-чараларды, радиотехникалык коргоону, кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылууга санитардык-гигиеналык, химиялык, өрткө каршы, экологиялык, радиациялык жана эпидемияга каршы контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;

3) кайтаруудагы объекттерде массалык тартипсиздиктердин алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана локалдаштыруу боюнча иш-чараларга катышууга, ошондой эле кайтаруудагы адамдардын туруктуу же убактылуу жүргөн жерлеринде алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон коомдук тартипти сактоого;

4) шифрлөө иштерин жүргүзүүгө;

5) өз ишин маалыматтык-талдоо жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга;

6) өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;

7) техникалык каналдар боюнча маалыматтын чыгып кетишине бөгөт коюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга;

8) кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө;

9) финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-13)
