# 101-берене. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464#diff=1220808..56786>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 101-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-101

---

1. Мамлекеттик күзөт органынын жобосу, түзүмү, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана жарандык кызматкерлерден түзүлөт.

2. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын офицердик курам, прапорщиктер жана жарандык персонал түзөт.

3. Мамлекеттик күзөт органына кызматка жана ишке өзүнүн жеке, моралдык, кесиптик, психологиялык сапаттары, билими жана ден соолугунун абалы боюнча мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, ошондой эле мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат.

4. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билим деңгээлине, стажына, кесиптик билимдерине жана көндүмдөрүнө карата квалификациялык талаптар жана аскердик кызматка кабыл алуунун башка шарттары "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасына ылайык белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-10)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-11)
