# 10-берене. Мамлекеттик күзөт

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-январындагы № 6 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112464/edition/1220808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112464/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-10

---

1. Мамлекеттик күзөттү мамлекеттик күзөт органы жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик күзөт органы кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу максатында өзүнүн компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу укуктук, ыкчам-издөө иш-чараларынын, контрчалгындоо, уюштуруу, күзөттүк, режимдик, техникалык, маалыматтык жана башка чаралардын жыйындысын жүргүзөт. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушу мүмкүн.

2. Мамлекеттик күзөттү камсыз кылууга өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ички иштер, коргоо, жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катышат.

3. Кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана аларды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик күзөт органы координациялоочу орган болуп саналат.

4. Күзөт иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, кайтаруудагы адамдарга мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу үчүн берилүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын көлөмдөрү мамлекеттик күзөт органынын актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-9)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112464/st-101)
