10-берене. Мамлекеттик күзөт
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик күзөттү мамлекеттик күзөт органы жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик күзөт органы кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу максатында өзүнүн компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу укуктук, ыкчам-издөө иш-чараларынын, контрчалгындоо, уюштуруу, күзөттүк, режимдик, техникалык, маалыматтык жана башка чаралардын жыйындысын жүргүзөт. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушу мүмкүн.
2. Мамлекеттик күзөттү камсыз кылууга өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ички иштер, коргоо, жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катышат.
3. Кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана аларды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик күзөт органы координациялоочу орган болуп саналат.
4. Күзөт иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, кайтаруудагы адамдарга мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу үчүн берилүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын көлөмдөрү мамлекеттик күзөт органынын актылары менен аныкталат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112464/st-10" title="10-берене - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>