# Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3245/edition/1212448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112463

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 25-январы № 14 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112463/st-1)

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-берененин 2-бөлүгү "иштеген жылдары," деген сөздөрдөн кийин "класстык чен жана" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112463/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январында N 6 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2022-жылдын 15-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
