Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 10.01.2023 редакциясы
"Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 878-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) адистештирилген уюм - өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын билимге ээ болгон, белгиленген тартипте аттестацияланган адистери бар уюм.";
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта:
"д" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "д) күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар - өтө уулуу жана белгилүү бир шарттарда (негизинен химиялык жактан кооптуу объекттердеги аварияларда) адамдардын жана жаныбарлардын массалык уулануусуна алып келүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоого жөндөмдүү химиялык кошулмалар;"; "е", "ж" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өнөр жайлык багыттагы стационардуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулёрлор, лифттер пайдаланылат;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөнкүлөр кирбейт:
1) электр тармактык чарба объекттери;
2) турак жай имараттарын, ошондой эле өндүрүштүк эмес мүнөздөгү имараттарды жана курулмаларды газ менен жабдууга арналган жаратылыш газынын же суюлтулган көмүр суутек газынын төмөнкү жана орто басымдагы газ бөлүштүрүүчү тармактары жана газ керектөө тармактары.";
в) 4-бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-беренедеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7-берененин 1-пункту "консервациялоо" деген сөздөн кийин ", рекультивациялоо" деген сөз менен толукталсын;
5) 8-беренеде:
а) 1-бөлүк "консервациялоо" деген сөздөн кийин ", рекультивациялоо" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүктөгү "Мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 9-беренеде:
а) берененин аталышы жана тексти ар кандай жөндөмө формаларындагы "консервациялоо" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", рекультивациялоо" деген сөз менен толукталсын;
б) 1-бөлүктөгү "Белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугу экспертизасынын корутундуларынын реестрине киргизилген" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2-бөлүктөгү "жана долбоордук уюм тарабынан долбоордук чечимдердин аткарылышына автордук көзөмөлдөө камсыз кылынат" деген сөздөр алып салынсын;
7) 10-беренеде:
а) "1. Кооптуу" деген сөз "Кооптуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пункттагы "имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө," деген сөздөр алып салынсын;
8) 11-беренедеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 12-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктөгү "тийиштүү өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу контролдоочу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү
1. Кооптуу өндүрүштүк объектти куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо, рекультивациялоо жана жоюу долбоордук документтерине өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза ыйгарым укуктуу орган жана адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Адистештирилген уюмдун белгиленген тартипте аттестацияланган өнөр жай коопсуздугу жаатындагы адистери болууга тийиш.
3. Адистештирилген уюм өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү тууралуу ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
4. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
11) 14-берененин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 17-беренедеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 10.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндөЗакон · 02.08.2016 · № 160
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112461/st-1" title="1-берене - Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>