# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112459)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112459/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3241/edition/1203968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112459/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112459/st-2

---

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 26-статьянын 2-бөлүгүндө:

а) биринчи-үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке жактар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн туумдар жана айып акылар төмөнкүдөй учурларда жана өлчөмдөрдө эсептелет: эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндөгү айып акы; аныкталган отчеттук мезгил үчүн белгиленген мөөнөттө отчет тапшырбоо - ушул отчетто чагылдырылууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып акы ушул отчетто чагылдырууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бардык суммасын өндүрүү менен алынат. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык отчетту берүү мөөнөтү узартылган учурда айып акы салынбайт;";

б) бешинчи абзацтагы "0,1" деген цифралар "0,09" деген цифраларга алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112459/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112459/st-3)
