Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 11-майы, № 60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) укук бузуу - укук бузуу жана кылмыш кылуу объекттеринин муну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);";
б) 3-пунктта "бузуу, жорук" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-пунктта "бузуу, жорук" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 3-пунктта ", жосун" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктта "бузууларды" деген сөз "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "жана жоруктун" деген сөздөр алып салынсын;
3) 8-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "Өкмөтүнүн" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пунктта ", жоруктардан жана бузуулардан", ", жоруктардын жана бузуулардын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жана укук бузуулардан", "жана укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 18-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 21-беренеде:
а) 1-бөлүк "жөнүндө" Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "конституциялык" деген сөз менен толукталсын;
б) 7-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 24-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 28-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112458/st-6" title="6-берене - Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>