# 2-берене

- Документ: [Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 "Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112458/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3240/edition/1220538/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112458/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112458/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-беренеде:

а) 2-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-пунктта "жана жоруктардын" деген сөздөр алып салынсын;

в) 4-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 9-беренеде:

а) 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр "тартиптик, материалдык, жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр алып салынсын;

3) 10-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө мамлекеттик тилде "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 12-беренеде:

а) 4-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 9-пунктта "Премьер-министрине" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 12-пунктта "командачылыгынын" деген сөз "Командачылыгынын" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-берене. Ички аскерлердин Командачылыгы

1. Ички аскерлердин Командачылыгы Ички аскерлерди башкаруу органы болуп саналат.

2. Ички аскерлердин Командачылыгынын ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

6) 14-берененин аталышында жана текстинде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 18-берененин 3-бөлүгүндө "колдонуудагы мыйзамдарга" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 19-беренеде:

а) 1-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдар" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 6-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 8-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр алып салынсын;

9) 21-берененин 2-бөлүгүндө "ички иштер" деген сөздөр "укук коргоо органдарында кызмат өтөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 23-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 25-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112458/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112458/st-3)
