# Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3238/edition/1205216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112456

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 28-декабры № 125

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112456/st-1)

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 4-пунктунда "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары" деген сөздөр "салык кызматынын органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 6-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 7-беренеде:

а) 1-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 9-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 11-беренеде:

а) аталышы "Террористтик ишти каржылоо" деген сөздөрдөн кийин ", массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүктө:

- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункт "террористтик ишти каржылоо" деген сөздөрдөн кийин ", массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 2-бөлүктө:

- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункт "террористтик ишти каржылоо" деген сөздөрдөн кийин ", массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 12-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) террористтик же экстремисттик ишти, же болбосо ушул ишти каржылоону жүзөгө ашырууга шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган кылмыш ишин козгоо же айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом;";

б) 6 жана 7-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 13-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 14-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасоого шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган кылмыш ишин козгоо же айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом;";

б) 5-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 15-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 16-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 17-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 18-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 19-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 20-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 21-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 23-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 24-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 25-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 26-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21) 27-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

22) 28-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 30-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 31-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112456/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 23-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
