# 9-берене. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 9-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-9

---

Министрликтер жана административдик ведомстволор өздөрүнүн компетенцияларына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

1) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда өрт коопсуздугунун маселелери боюнча уюштуруучулук, алдын алуу жана техникалык чараларды, ошондой эле аларды зарыл болгон каржылоону жүзөгө ашыруу;

2) техникалык регламенттерге, стандарттарга, техникалык шарттарга, паспортторго, эрежелерге, нускамаларга жана башка актыларга өрт коопсуздугунун талаптарын киргизүү;

3) өрт коопсуздугунун чараларына адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматчыларды, студенттерди, окуучуларды окутуп-үйрөтүү;

4) ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүн түзүүгө жана күтүүгө, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө катышуу;

5) ведомствого караштуу объекттерде чыккан өрттү эсепке алууну жана талдоону, өрттүн чыгышына тике же кыйыр түрдө күнөөлүү болгон жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрүү.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-10)
