# 8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 8-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү, аларды башкаруу жана алардын иштөөсүн камсыз кылуу;

2) уюмдарды, ишканаларды, мекемелерди, жана калктуу конуштарды өрттөн сактоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо;

3) өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрткө каршы техника менен жабдууларды жасоого адистештирилген ишканалардын жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-9)
