# 6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3236/edition/1224866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112454/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 6-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзөт;

2) мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жөнүндө жобону бекитет;

3) өрт көзөмөлү боюнча кызмат жөнүндө жобону бекитет;

4) өрт коопсуздугунун ченемдерин, талаптарын жана эрежелерин бекитет;

5) милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын, объекттердин тизмегин бекитет;

6) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;

7) өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, орун-жайлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитет;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112454/st-7)
