3-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 16.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 января 2024 года № 16
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - коргоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууну контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
2) өрт - материалдык зыян алып келүүчү, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү контролдонбогон күйүү;
3) өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн коргонуу абалы;
4) коргоо объекти - буга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймактар, имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, технологиялык орнотмолор, жабдуулар, агрегаттар, буюмдар жана башка мүлктөр);
5) өрттүн алдын алуу - өрт чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга жана алардын кесепеттерин чектөөгө багытталган алдын алуучу чаралардын жыйындысы;
6) өрткө каршы режим - тийиштүү аймактарда өрт коркунучу жогорулаган учурда мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген өрт коопсуздугунун кошумча талаптары;
7) өрт коопсуздугунун системасы - укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысы;
8) өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - адамдарды, мүлктү куткарууга жана өрттү жоюуга багытталган бир убакта аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси;
9) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү - өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды (четтөөлөрдү) болтурбоо максатында имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоодо долбоордук чечимдердин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин баалоо;
10) өрт коопсуздугуна көз карандысыз баа берүү - коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө, уюмдардын жана жарандардын өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоосуна, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоодо баалоонун же текшерүүнүн натыйжаларына кызыкдар болбогон өрт коопсуздугу жаатындагы эксперт тарабынан жүргүзүлгөн баалоо;
11) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперт - өрт коопсуздугун баалоо боюнча иштерди жүргүзүүчү, белгиленген тартипте аккредитацияланган (аттестацияланган), өрт коопсуздугуна көз карандысыз баа берүү үчүн зарыл болгон өрт коопсуздугу жаатында атайын билимге ээ жана өрт коопсуздугун көз карандысыз баалоо боюнча корутундуга кол коюуга ыйгарым укуктуу адам.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 января 2024 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности""Редакцияларды салыштыруу
16.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…багытталган бир убакта аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси;
9) алынып салынды: өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге кошулду: өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү - өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук … баалоо боюнча корутундуга кол коюуга ыйгарым укуктуу адам.
кошулду: (КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112454/st-3" title="3-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>